16-июлда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев "Ак-Ордо", "Ала-Тоо" жана "Арча-Бешик" турак жай массивдеринде жашаган калк менен жолугушту.
Жолугушууга шаар башкаруу кызматтарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.
Тургундар негизинен инженердик инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин көтөрүштү, анын ичинде суу камсыздоосу, канализация, газ менен камсыздоо, тротуарлар жана жолдордун асфальтталышы, коомдук транспорт уюштуруусу, социалдык объектилердин өнүгүшү жана жер кескин көйгөйлөрү талкууланды.
Мэр Айбек Джунушалиев тургундар өз күчү менен курулган инженердик тармактардын көпчүлүгү толук жана сапаттуу иштебей жаткандыгын белгилеп, азыр шаар бийлиги инфраструктураны системалуу өнүктүрүү боюнча комплекс иштерди жүргүзүп жатканын айтты.
Ал 2024-жылы бардык массивдерде суу жана канализация системаларын куруу долбоорлору даярдаларын, андан кийин бир кадамда жолдорду, тротуарларды куруу иштери башталарын белгиледи.
Ошондой эле, мэр "Ала-Тоо" массинде пайда болгон көчөнү ачуу мүмкүнчүлүгү жок жер талаштары боюнча жеринде болуп, долбоордук жана укуктук маселелерди териштирүүнү профиль кызматтарына тапшырды.


























