Госфиннадзор Кыргызстанда ломбарддар, казинолор, ошондой эле криптовалюталык рынок сыяктуу ар түрдүү чөйрөлөрдүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт. Криптовалюталык рыноктун айланасындагы жүгүртүүнүн деңгээли банктардык сектордон ашкан.

Бирок, мындай кеңири чөйрөнү көзөмөлдөөдө бир топ кыйынчылыктар бар. Анткени аталган мекемеде азыркы учурда үч гана адам эмгектенет, алардын айлык маянасы рыноктун орточо деңгээлинен төмөн.

Кадрлардын жетишсиздиги жана төмөн маяна системанын иштешин оорлотуп, жүктөмдү жаратуу менен чогуу натыйжалуулукка да терс таасирин тийгизип жатат.