Тургундар жолдорду оңдоо, жылуулук, электр жана газ менен камсыздоо сыяктуу маанилүү маселелерди көтөрүштү. Мындан тышкары, коопсуздукту камсыздоо үчүн видеокамераларды жана светофорлорду орнотуу, балдар аянтчаларын куруу, санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү сунушталды.
Ошондой эле «Эмаком» спорттук комплексинин көп кабаттуу үйүнө энергия берүү жана тез жардам пунктун уюштуруу боюнча суроолор берилди. Мэриянын маалыматы боюнча, шаар башчысы тиешелүү кызматтарга маселелерди тез арада чечүү боюнча тапшырма берди.
Жанарбек Акаев айыл жергиликтүүлүктөгү ички автожолдорду жакшыртуу жана жаңы өткөөздөрдү ачуу иштери жүрөөрүн белгиледи.















