Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаар тургундары менен жолугушууларын улантууда. Акыркы жолу калаа башчысы тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын суроолоруна жооп берди.

Суроо-жооп форматында өткөн жолугушууда тургундар социалдык, коммуналдык, турак жай жана инфраструктуралык тармактардагы маселелерди көтөрүштү.

  • Балдар аянтчаларын жана отканаларды куруу
  • Маршруттук каттамдардын жүрүү графигин жакшыртуу
  • Талаштуу жер тилкелери
  • Газ жана электр энергиясы менен камсыздоо

Жанарбек Акаев тургундардын кайрылыштарын угуп, айрым көйгөйлүү аймактарды жеринен көрүп чыгууну билдирди. Ал көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү кызматтар менен биргеликте тез арада чечүүгө тапшырма берди. Ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилерине протоколдук тапшырмалар берилди.