Ош облустук мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролу департаментинин башкармалыгы тарабынан көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Араван айылындагы Ош-3000 көчөсүндөгү үч кабаттуу медициналык борбор жана Алай районунун Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүндөгү курулуп жаткан дүкөн текшерилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Текшерүүнүн жыйынтыгында эки объектте тең мыйзам бузуулар аныкталды. Атап айтканда, медициналык борбордун курулушунда бекитилген долбоордо каралбаган кошумча иштер жүргүзүлгөн. Дүкөндүн имаратына келсек, уруксат берүүчү архитектуралык-курулуш документтери толук көлөмдө таризделбегени такталды.
Дүкөндүн курулушу зарыл уруксат берүүчү документтер толук таризделгенге чейин убактылуу токтотулду.




















