Депутат Алишер Козуев Жогорку Кеңештин жыйынында Айыл чарба министрлигине кайрылып, пахта баасы боюнча ортомчуларды айланып өтүүнү өтүндү. Анын айтымында, Ош облусунун Кара-Суу районунда көпчүлүк фермерлер пахтачылык менен алектенишет, аянттар жыл сайын өсүп, учурда түшүм жыйноо учуру.
Жалгыз көйгөй — пахтанын баасы. Ар кандай себептер менен аны ортомчулар кармап турушту. Кымбат отун жана жер семирткичтердин айынан пахтанын өз наркы бир топ жогорулады. Фермерлердин эмгеги текке кетпеши үчүн, Айыл чарба министрлиги ортомчуларсыз, түздөн-түз пахта кабыл алган компаниялар менен байланышып, аны жок дегенде бир-эки сомго кымбатыраак сатууга жардам бериши керек.
Козуев ошондой эле Транспорт жана Финансы министрликтеринен жол куруу иштери боюнча подрядчылар менен убагында эсептешүүнү өтүндү. Анын айтымында, сезон бүтүшүнө бир ай калды, бул чечүүчү учур жана каржылоону толугу менен ачуу зарыл.


















