Алай районунун Таш-Кыя айылында жаңы 29-мектептин курулушу чоң кызуу иш менен уланууда. Мектеп 150 орунга ылайыкташтырылып, 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Учурда мектептин даярдыгы 95 пайызды түзөт.

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, сметалык баасы 82,9 млн сомду түзгөн мектептин тендердик наркы бардык чыгымдар менен 77,1 млн сомду түзөт. Курулушту жүргүзүү боюнча келишим 2024-жылдын 13-сентябрында түзүлгөн.

Мектеп курулушунун негизги көрсөткүчтөрү

150окуучулардын саны
95%даярдык деңгээли
77,1 млн сомтендердик баасы
1044,41 м²