Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги бардык авиакомпанияларды учак жүргүнчүлөрүн мамлекеттик тилде маалымдоого милдеттендирген талапты киргизди.
Жаңы эрежелер Кыргызстанга, Кыргызстандан жана өлкө ичинде аткарылган бардык үзгүлтүксүз каттамдарга жайылтылат. Бул талап жергиликтүү жана чет элдик авиаташуучуларга да тиешелүү.
Талаптарга ылайык, коопсуздук эрежелери, авариялык-куткаруу процедуралары боюнча нускамалар, учуу, конуу жана башка маанилүү билдирүүлөр сөзсүз түрдө кыргыз тилинде жарыяланышы керек.
Мамлекеттик тилдеги маалымат толук, так жана башка тилдердеги жарыялар менен мазмуну жагынан дал келиши зарыл.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги бул жаңылык мамлекеттик тил саясатынын алкагында ишке ашырылып жатканын белгиледи. Анын максаты — кыргыз тилинин макамын бекемдөө, жүргүнчүлөргө маанилүү маалыматка бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана жарандык авиация тармагындагы тейлөө сапатын жогорулатуу.
Бардык авиакомпаниялардын жетекчилерине кыргыз тилиндеги расмий жарыялардын тексттерин даярдоо жана жаңы талаптарга ылайык бардык каттамдарда колдонуу тапшырылды.

















