Нарын шаарында негизги жана ички көчөлөрдү оңдоо иштерин мэрия тарабынан жүргүзүп жатышат. Шаардагы ички жолдордун жалпы узундугу 137 чакырымды түзөт, анын ичинен асфальтталган жолдор 45,6 чакырымга барабар, бул бир топ жакынча 33,2%.

Жаңы жылдан баштап шаардык "Таза Нарын" муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттен 21 миллион 834 миң сомдон ашык каражат берилди.

Бул сумманын ичинен 3 миллион 287 миң 600 сом асфальтталган жолдордун бузулган бөлүктөрүн калыбына келтирүү үчүн атайын техника, инструменттер жана асфальт сатып алууга жумшалган. Андан тышкары 14 ички көчөгө балласт төгүү үчүн 500 миң сом каралган.

Шаарды көрктөндүрүү жана көчөлөрдү жарыктандыруу жаатында 11 миллион 37 миң сом бөлүнүп, 116 көчө чырагы менен 209 светодиоддук лампалар орнотулду. Учурда Жаңы-Жол жана М.Садыков райондоруна 86 чырак орнотулуп, Көтөрмө районунан Интернатка чейинки аймакты 230 жарыктандыруучу орнотуп жатат.

Шаардын санитардык тазалыгын камсыз кылуу максатында 4 миллион 706 миң сом бөлүнүп, 150 таштанды тапкыч жана 346 таштанды контейнерлери алынган. Мындан тышкары 2 миллион 304 миң 800 сом шаарда күнүмдүк чарбалык иштерге жумшалууда.

2026-жылга таштанды чыгаруу үчүн төлөм топтоо планы 16 миллион 800 миң сом болуп бекитилди. Алты ай ичинде 8 миллион 914 миң сом жыйналган, бул планды 108%га аткарууга барабар.