Жогорку Кеңеш бир катар эл аралык макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлорун биринчи окууда карап чыкты. Алардын ичинде Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айыл калктуу конуштарында суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору да бар.

СторисЕФСР Ош облусунун айылдарын суу менен камсыздоого 60 млн долларСлайддар: 5
  1. ЕФСР Ош облусунун айылдарын суу менен камсыздоого 60 млн доллар
  2. 66,7 мил доллар — Каржылоонун жалпы көлөмү
  3. 60 мил доллар — ЕФСР насыясы
  4. Долбоор Кара-Суу жана Өзгөн райондорун камтыйт; 178 миңден ашуун тургун камтыйт; Борборлоштурулган коопсуз таза суу менен камсыздоого багытталган
  5. Жогорку Кеңеш Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕФСР) менен Ош облусунун айыл аймактарында суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоону биринчи окууда жактырды. Каржылоонун жалпы көлөмү 66,7 миллион долларды түзөт, анын ичинен 60 миллион доллары ЕФСР насыясы.

178 000 адам таза сууга жетүү мүмкүнчүлүгүн алат

Долбоор Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун 178 миңден ашуун тургунун борборлоштурулган коопсуз таза суу менен камсыздоого жана санитардык шарттарды жакшыртууга багытталган.

Каржылоонун жалпы көлөмү 66,7 миллион долларды түзөт. Анын 60 миллион доллары ЕФСРдин насыясы катары берилет. Насыя 20 жылга, анын ичинде 8 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен, жылдык 1 пайыздык үстөк менен берилет.

Долбоордун көрсөткүчтөрү

66,7жалпы каржылоо, млн доллар
60ЕФСР насыясы, млн доллар
20насыянын мөөнөтү, жыл
8жеңилдетилген мезгил, жыл
1%жылдык үстөк

Ошондой эле биринчи окууда 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколун ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору да жактырылды. Бул өзгөртүүлөр агроөнөр жай комплекси тармагында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда мүчө мамлекеттерге финансылык жардам көрсөтүүгө байланыштуу.

Мындан тышкары, Министрлер кабинети менен Жапония өкмөтүнүн ортосундагы ноталарды алмашууну жана Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен «Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо да жактырылды.