Ош облусунун Узген районундагы Кандава айылында жаңы мектептин курулушу башталды. Бул мектеп 225 окуучу үчүн ылайыкташтырылат.

Министрлик маалыматына караганда, курулуш жумуштары 2025-жылдын июль айында башталган. Азыркы учурда бетон иштеринен кийин дубалдары курулууда.

Жаңы мектеп комплекс үч блоктон турат. Анда үч кабаттуу окуу корпустары, ашкана, китепкана жана спорт зал өзүнө кирет.

Бул долбоордун каржылоосу мамлекеттин республикалык бюджетинен жасалып жатат.