«Кыргызстандын саламаттык сактоосу» журналынын 2026-жылдын 3-санында беш жашар кыздын клиникалык учуру баяндалган. Изилдөөнүн авторлору — С. Э. Айтикеева, Э. У. Усубалиева, Г. О. Омуралиева жана А. К. Тешебаева.
Оору 2024-жылдын ноябрында башталган. Кыз Москвада (Россия) бир нече жолу дарыгерлерге көрсөтүлүп, дем алуу органдарынын оорулары боюнча дарыланган. Кийин пневмония деп аныкталып, антибиотик дайындалган, бирок абалы жакшырбаган.
Баланын абалы бара-бара начарлап, алсыздык күчөгөн, дене табы 38–39 градуска чейин көтөрүлгөн, табити төмөндөп, салмагы азайган, катуу жөтөл жана уулануу белгилери пайда болгон. Ошол учурда кыз Ош шаарына кайтып келген.
Эпидемиологиялык анамнез чогултууда кыздын Россиядагы ооруканада өпкөсүнүн дарыга туруктуу кургак учугунан (МЛУ-ТБ) дарыланып жаткан энеси менен тыгыз байланышта болгону аныкталган. Үй-бүлө бул фактыны жашырган, ошондуктан текшерүү кечиктирилген.
Кеч аныктоонун кесепети
Дарыгерлердин айтымында, казеоздук пневмония — өпкө тканынын бузулушу менен коштолгон кургак учуктун эң оор түрлөрүнүн бири. Бул учурда оорунун өтүшүп кетиши жашыруун байланыштан улам болгон.
Оорунун негизги көрсөткүчтөрү


















