Эсептөө палатасынын аудиторлору Ош шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы финансылык ишин текшерип, бюджетти түзүүдө жана аткарууда бир катар олуттуу кемчиликтерди аныкташты. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, бийлик өкүлдөрү зарыл документтерсиз эле 3,6 миллиард сомдук курулуштарды баштап жиберишкен.

Андан тышкары, подрядчыларга 2,5 миллиард сомдон ашык карыз топтолгон. Дагы 3 миллиард сомдон ашык суммага бүтпөгөн курулуштар бар. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын кеңешинде каралган аудиттин жыйынтыгында айтылды.

Аудит тапкан негизги бузуулар

3,6 млрддокументсиз башталган курулуштар
2,5 млрд+подрядчыларга карыз
3 млрд+бүтпөгөн курулуштар
6 млрдреспубликалык бюджеттен түшкөн өсүү

Аудиторлор мэриянын 2025-жылдагы финансылык отчетунун толуктугу жана тактыгы боюнча корутунду бере алышкан жок. Себеби, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча своддук баланс талаптагыдай түзүлүп, бекитилген эмес.

Текшерүү мэриянын бөлүмдөрүндө жана муниципалдык мекемелерде бюджеттик каражаттарды пайдаланууда, мүлктү башкарууда, бухгалтердик эсепте, финансылык отчетту даярдоодо жана мамлекеттик сатып алууларда көптөгөн мыйзам бузууларды аныктады.

Ошондой эле, жашоо жана соода жайларын бузуу, жер участокторун алуу боюнча компенсацияларды эсептөөдө кемчиликтер табылды. Базарлардын жана соода түйүндөрүнүн жабылышы салык түшүүлөрүнүн кыскарышына алып келиши мүмкүн деген тынчсыздануу бар.

Эсептөө палатасынын маалыматы боюнча, Ош шаарынын бюджетинин кирешеси 6,3 миллиард сомго өскөн. Бирок дээрлик бардык өсүш — 6 миллиард сом — республикалык бюджеттен которулган каражаттардын эсебинен камсыздалган.

Палатанын баамында, жеке башкаруу чечимдери жана аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарын этибарга албоо шаардын экономикалык абалын жакшырткан жок, тескерисинче начарлатты. Мунун кесепетинен салык базасы кыскарып, кредиттик жүгү көбөйгөн.