4-ноябрда Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имаратында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Мэтт Хабиновскинин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыкты өнүктүрүү, аймактар аралык байланыштарды чыңдоо жана өз ара кызыкчылык туудурган башка багыттар боюнча пикир алмашты.

Андан тышкары, Ош облусу менен АКШнын Монтана штатынын ортосунда боордоштук байланыш түзүү демилгеси талкууланды. Америкалык тарапка бул маселе боюнча мурда жөнөтүлгөн расмий каттын көчүрмөсү тапшырылды.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана өз ара байланыштарды чыңдоого кызыкдар экендиктерин билдиришти.