Адистин айтымында, пневмонияны вирустар жана бактериялар пайда кылат, ал эми жылдын суук мезгили оорунун көбөйүшүнө шарт түзөт.
Балдар дем алуу жолдорунун түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүнөн улам көбүрөөк жабыркашат: жогорку дем алуу жолдорунан инфекция бронхторго тез эле өтүп кетиши мүмкүн. Мындан тышкары, алардын иммундук системасы дагы эле калыптанууда.
Инфекциянын таралышына балдардын ортосундагы тыгыз байланыштар да өбөлгө түзөт. Мектептерде жана бала бакчаларда ооруган балдар бири-бирине инфекцияны жугузушу мүмкүн, деп белгиледи Исакова.









