Курч респиратордук вирустук инфекциялар (ОРВИ) жогорку жана төмөнкү дем алуу жолдорун жабыркатышы мүмкүн. Инфекциянын жайгашкан жерине жараша оорулууда ринит, фарингит, ларингит, трахеит, бронхит, ал тургай пневмония өрчүшү мүмкүн. Бул тууралуу №4 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгери Таалайгүл Ташпаева «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Адистин айтымында, жогорку дем алуу жолдору жабыркаганда оору мурундун бүтүшү, жуткундун, көмөкөйдүн жана кеңирдектин сезгениши менен коштолушу мүмкүн. Эгер инфекция төмөнкү дем алуу жолдоруна өтсө, бронхит жана пневмония болушу ыктымал. Дарыгер вирустук инфекциялардын көпчүлүгү татаалдашуулар болбосо, беш-жети күндүн ичинде өз алдынча өтүп кетерин белгиледи.

Антибиотиктер вирустарга таасир этпейт, аларды негизсиз колдонуу бактериялардын микробго каршы препараттарга туруктуулугунун өнүгүшүнө шарт түзөт.
Таалайгүл Ташпаева, үй-бүлөлүк дарыгер

Таалайгүл Ташпаева ата-энелерди балдарды оорунун алгачкы күндөрүндө дарыгердин кеңешисиз антибиотиктер менен дарылай баштоого чакырды. Анын айтымында, мындай мамиле кийинчерээк бактериялык инфекцияларды дарылоону татаалдаштырып, күчтүүрөөк антибиотиктерди колдонууну талап кылышы мүмкүн. Антибиотиктерди дайындоо чечимин дарыгер баланын абалын баалагандан кийин гана кабыл алышы керектигин баса белгиледи.

Негизги жардам чаралары

  • мол суюктук ичүү;
  • мурунду нымдап, тазалоо үчүн туздуу эритмелерди колдонуу;
  • зарыл болгондо ысытманы түшүрүүчү дарыларды берүү;
  • мурунга кан тамырларды тарытуучу каражаттарды колдонуу.