Бекемделген планга ылайык, Манас шаарындагы депутаттардан турган жумушчу топ мамлекеттик жана жеке менчик мектептердин, ошондой эле бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө билим берүү мекемелеринин санитардык абалы, азык-түлүк сактоо шарттары, санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышы, балдардын тамактануу сапаты, ошондой эле мекемелердин кыш мезгилине даярдыгы каралды.

Шаардык кеңештин депутаты Уларкан Бекешованын айтымында, мектеп 320 окуучуга ылайыкталган, бирок анда 2 миң 300 бала билим алууда.

Өзүм мугалим болгондуктан, мектептердеги балдардын коопсуздугу мени тынчсыздандырат. Баруу учурунда шаардагы Таш-Булак атындагы №23 орто жалпы билим берүү мектебиндеги кырдаал мени капа кылды. Эң көп капа кылганы — мектеп дарбазасынан кире бериште эле бүт короо таштандыга толуп калган. Мектеп жетекчилиги бул жагдайды «Тазалык» муниципалдык ишканасына кайрылганы, бирок жыйынтык болбогону менен түшүндүрдү. Бирок, биз тиешелүү уюм менен байланышканыбызда, мектептен эч кандай кайрылуу келип түшпөгөнүн билдиришти.
Депутат Уларкан Бекешова

Депутат ошондой эле имараттын ичине киргенде чаң жана полдо окуучулардын түкүрүктөрү көрүнгөнүн, эч ким тазалыкты жана тартипти көзөмөлдөбөгөнүн кошумчалады.

Мындай шартта жүргөн балдар келечекте кургак учук оорусуна чалдыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мектеп жетекчилиги имараттын эскиргенин шылтоолоп, кошумча корпус курууну талап кылды. Биз бул сунушту аткаруу бийлигине өткөрүп беребиз.
Депутат Уларкан Бекешова