Ош шаарынын мэриясы билдиргендей, жолугушууда Ош менен АКШнын шаарлары, анын ичинде Чикаго ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү, инвестиция тартуу жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Торобаев америкалык тарапка шаарда түзүлүп жаткан ишкердик жана инвестициялык инфраструктура, ошондой эле мейманкана куруу, туризм, соода логистикасы жана башка тармактардагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди. Ал Ош чет элдик инвесторлор менен кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Мэтью Хабиновски бизнес-өнөктөштүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана ишкердик тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.

Тараптар ошондой эле билим берүү, англис тилин үйрөнүү, транспорттук логистика, саламаттык сактоо жана туризм тармактарында кызматташууну талкуулашты. Маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу байланыштарды бекемдөө, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди.