Бишкектеги ЦСМ №8дин дарыгер-педиатры Дамирова Зарина Дамировнанын айтымында, суук түшкөн сайын балдар ооруп, поликлиникалар дем алуу органдарынын инфекциясы менен ооруган балдарга толуп калат.
Вирустук инфекцияны пневмониядан айырмалоо кыйын болушу мүмкүн. Эгерде баланын абалы начарлап, дем алуусу кыйындап, температураны түшүрүү кыйын болуп жатса, дароо дарыгерге кайрылуу керек. Өзүн-өзү дарылоо менен убакыт өткөрүп жиберүү өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн.
Анын айтымында, эң коркунучтуу инфекция — сасык тумоо (грипп). Ал бүт организмге таасир этип, температуранын кескин көтөрүлүшүнө, катуу ууланууга алып келет жана тез өнүгөт. Ошондой эле ымыркайлар үчүн респиратордук-синцитиалдык вирус (РСВ) жана метапневмовирус да олуттуу коркунуч жаратат, анткени алар көбүнчө төмөнкү дем алуу жолдорунун катуу сезгенүүсүн пайда кылат.
Ата-энелердин негизги каталары
Дарыгер жогорку температура ар дайым эле ысытты түшүрүүчү дарыларды талап кылбасын баса белгиледи. Ал эми уксус же спирт менен сүртүү сыяктуу көнүмүш ыкмалар ууланууга алып келиши мүмкүн экенин эскертти.
Ошондой эле ал өзүн-өзү дарылоо коркунучтуу экенин, анткени ал кооптуу татаалдашууларга жана бактериялык инфекциянын кошулуп кетишине алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.
Кайсы учурда тез жардам чакыруу керек?
- Баланын дем алуусу кыйындаса
- Эриндери көгөрүп кетсе
- Температура 3 күндөн ашык сакталса
- Бала тамактан баш тартып, суюктук ичпей калса
- Кулактын оорушу же исиркектер пайда болсо
Педиатр бул белгилер байкалганда дароо медициналык жардамга кайрылуу зарыл экенин эскертти, анткени алар пневмония сыяктуу оор татаалдашууларды көрсөтүшү мүмкүн.

























