Семинардын алкагында NABU Кыргызстандын кызматкерлери жана фотокапкандар тарабынан тартылган ак илбирстин сүрөттөрү көрсөтүлгөн фотовыставка уюштурулду. Коноктор ошондой эле фотокапкандарды, жылуулук көргүчтү, дронду жана GPS түзмөктөрүн көрө алышты.

Фотовыставкада Ош эл аралык педагогикалык университетинде жана Баткен облусунун Кадамжай районундагы жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында студенттер жана окуучулар тарабынан тартылган ак илбирстин сүрөттөрү да коюлду.

Семинардын мазмуну

Семинардын теориялык жана маалыматтык бөлүгүндө катышуучуларга NABU Кыргызстандын ак илбирсти сактоо боюнча иш-аракеттери тууралуу айтып беришти. Атап айтканда, экологиялык агартуу, мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү жана жаратылышты коргоо үчүн фотокапкандарды колдонуу маселелери каралды.

Университеттин окутуучулары ак илбирстин биологиялык өзгөчөлүктөрү, жашоо образы, тамактануусу жана географиялык таралышы тууралуу баяндамаларды жасашты.

Алар ошондой эле бул жаныбардын санынын азайышына таасир этүүчү негизги факторлор жөнүндө айтып беришти. Сейрек кездешүүчү жырткычтарды коргоонун, алардын жашоо чөйрөсүн сактоонун жана ак илбирстин экосистемадагы ролунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.