Нарын мамлекеттик коругунда бугу-марал питомнигинин аянты 32 гектарга көбөйтүлдү. Натыйжада, питомниктин жалпы корголгон аймагы 82 гектарга жетти.
Корук жалпы 112 363,5 гектарды ээлейт жана ал жерде сүт эмүүчүлөрдүн 26 түрү, канаттуулардын 104 түрү, балыктардын 3 түрү, жерде-сууда жашоочулардын 1 түрү жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 түрү катталган.
Аймакта Кызыл китепке кирген илбирс, сүлөөсүн, мадыл, Тянь-Шань күрөң аюусу, суусар, бугу-марал жана аркар-кулжа сыяктуу сейрек кездешүүчү жандыктар жашайт.
Жалпы өсүмдүктөрдүн саны 500дөн ашык, анын ичинде алтын тамыр, ак кодол, аркар оту, уу коргошун, мамыры жана көкөмерен сыяктуу баалуу дары чөптөр бар.
2018-жылы питомникте өстүрүлгөн бугу-маралдар алгач Аксы районундагы Авлетим токой чарбасына бериле баштаган.









