Иш-чара Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн демилгеси менен уюштурулду. Ага айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, Ат-Башы РИИБдин Баш-Кайыңды айылдык милиция бөлүмүнүн жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Түнкүсүн жол кырсыктарын болтурбоо үчүн жол боюндагы малдарга жарык чагылдыруучу ленталар тагылды. Бул чара айдоочуларга малды эртерээк байкап, ылдамдыкты азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Жергиликтүү тургундарга жана жол кыймылынын катышуучуларына жол эрежелерин сактоо, этият болуу жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча маалымат берилди. Айыл өкмөтү мындай иш-чаралар жол коопсуздугун жогорулатууга багытталганын белгиледи.