Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар тилкесинде алыскы жайыттарга каттаган жол оңдолуп, жаңы көпүрө курулууда. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Аймактагы жолдор жамгырдан жана суу агымдарынан улам бузулуп, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Жаңы көпүрө куруу үчүн коомдук уюм долбоор сунуштап, анын негизинде 262,2 миң сомго курулуш материалдары алынган.

Ишке тартылгандар

22убактылуу жумушчу
3атайын техника

Азык-түлүк программасынын алкагында 22 адам убактылуу жумушка тартылган. Аларга эмгек акы катары ар бирине 6 кап ун жана 30 литр өсүмдүк майы берилет.

Курулуш жана оңдоо иштерине муниципалдык ишкананын 3 бирдик атайын техникасы тартылды. Иштер айылдагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана жайыттарга каттамды жакшыртууга багытталган.