Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Бишкекте ЭСКАТОнун аткаруучу катчысы Армида Алишахбана менен жолугушту. Ал өлкөгө БУУнун Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасы үчүн атайын программасынын (СПЕКА) иш-чараларына катышуу үчүн келген.

ТИМ билдиргендей, тараптар Кыргызстандын ЭСКАТО менен кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Негизги көңүл аймактык транспорттук жана соода байланыштарына, экономикалык процесстерди санариптештирүүгө, туруктуу өнүгүүгө жана аймактык өнөктөштүктү бекемдөөгө бурулду.

Кыргыз тарап транспорттук байланышты өнүктүрүү, чек арадагы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана улуттук инфраструктуралык долбоорлорду эл аралык транспорт коридорлоруна киргизүү боюнча ЭСКАТОнун эксперттик колдоосуна кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар Кыргызстандын тиешелүү ведомстволору менен ЭСКАТОнун ортосунда өз ара аракеттенүүнү мындан ары да бекемдөөгө жана туруктуу консультацияларды өткөрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча

ЭСКАТО — БУУнун Азия жана Тынч океан аймагындагы экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча адистешкен комиссиясы. Анын ишмердүүлүгү аймактык кызматташууну чыңдоого багытталган.