Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын орун басары Татьяна Молчан Бишкекте өтүп жаткан СПЕКА Экономикалык форумунда аймактык кызматташтыктын экономикалык өнүгүү үчүн негизги маанисин баса белгиледи. Ал салттуу багыттардан тышкары бардык экономикалык чечимдер санариптик өнүгүүгө таянышы керектигин айтты.

Молчан Кыргызстан аймактагы биринчи өлкө болуп, БУУнун алкагында иштелип чыккан темир жол аркылуу эл аралык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууда чек арадан өтүү шарттарын жеңилдетүү боюнча конвенцияга кол коюп, ратификациялаганын белгиледи. Бул кадам аймактагы транспорттук байланышты жана сооданы өнүктүрүүдө маанилүү экенин айтты.

Биз аймактык кызматташтыкты, айрыкча транспорттук байланыш жана экономикалык өнүгүү чөйрөсүндө ар дайым колдойбуз. Бүгүнкү диалогдун жыйынтыгында бул багытты мындан ары кантип өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштар айтылып, талкууланат деп ишенем.
Татьяна Молчан, БУУ Башкы катчысынын орун басары

2026-жылдагы СПЕКА Экономикалык форуму «СПЕКА аймагында туруктуу өнүгүү үчүн байланышты өнүктүрүү» темасында өтүүдө. Форум БУУнун Азия жана Тынч океан боюнча экономикалык жана социалдык комиссиясы (ЭСКАТО) жана БУУнун Европа экономикалык комиссиясы тарабынан уюштурулду. Бул жылы СПЕКАга Кыргызстан төрагалык кылууда.

Форумдун алкагында туруктуу транспорт жана логистика, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле энергетика жана санариптик байланыш сыяктуу маселелер боюнча талкуулар пландаштырылган. Иш-чаранын жүрүшүндө аймактагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган сунуштар иштелип чыгат деп күтүлүүдө.