Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 3-ноябрда БУУнун башкы катчысынын орун басары, БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) аткаруучу катчысы Татьяна Молчанды кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын ЕЭК менен кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Кыргыз тарап аталган комиссиянын өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, санариптештирүүгө, энергетикага жана туруктуу экономикалык өнүгүүгө кошкон салымын баса белгиледи.
Өзгөчө көңүл БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн атайын программасына (СПЕКА) бурулду. Белгиленгендей, 2026-жылдын 4-5-ноябрында Бишкекте өтө турган СПЕКА экономикалык форуму региондук кызматташтыкты чыңдоо жана программага катышкан мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери боюнча натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болмокчу.
СПЕКА форумунун маалыматтары
- ноябрь 2026
- 4-5
- өтүүчү жери
- Бишкек
- программанын аймагы
- Борбордук Азия
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен БУУнун ЕЭК ортосундагы практикалык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө эки тараптын тең кызыкдар экени ырасталды.
























