Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти шаардык туристтик видеороликтер жана фотокаталог сынагы «Бишкекти дүйнөгө ач – 2026» уланып жатканын эскертти.

Сынакты узартуу чечими комиссия тарабынан кабыл алынган, себеби мурда көрсөтүлгөн иштер сапат жана формат боюнча белгиленген талаптарга жооп берген эмес.

Сынактын негизги максаты – борбордун туристтик потенциалын өнүктүрүү жана жайылтуу. Катышуучуларга Бишкекти жагымдуу туристтик багыт катары көрсөтүү, анын кооз жерлерин, архитектурасын, улуттук ашканасын, жашыл аймактарын, жаштар жана спорттук жашоосун, ошондой эле кызыктуу туристтик маршруттарын чагылдыруу сунушталат.

Катышуу шарттары

  • Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Бишкекте туруктуу же убактылуу жашаган, окуган же иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар катыша алат.
  • Иштер жекече же 5 адамга чейинки чыгармачыл топ болуп көрсөтүлүшү мүмкүн.
  • Арыздар жана сынактык иштер 2026-жылдын 5-ноябрынан 5-декабрына чейин кабыл алынат.

Сыйлык фонду жана номинациялар

Сынактын жалпы сыйлык фонду 400 000 сомду түзөт. Жеңүүчүлөр жети номинация боюнча аныкталат.

Негизги сыйлыктар

150 000сом — эң мыкты туристтик видеоролик үчүн Гран-при
100 000сом — эң мыкты туристтик фотокаталог үчүн Гран-при

Ошондой эле, ачык онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү» сыйлыгынын ээси аныкталат.

Эң мыкты сынактык иштер Бишкек шаарынын расмий м...