Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 3-ноябрында «Манас» театрында «Ыр кесе» маданий иш-чарасы өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» жарлыгын аткаруу, улуттук салттарды, маданий мурасты жана кыргыз элинин руханий баалуулуктарын сактоо, аларды жаш муунга жеткирүү максатында уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында Ленин районунун педагогдору кыргыз элинин көп кылымдык салттарын жана маданий мурастарын даңазалаган мазмундуу программа тартуулашты. Алар «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү көрсөтүштү, элдик ырларды аткарышты, «Жүз ачуу» салттуу ырымын жана башка улуттук үрп-адаттарды тааныштырышты.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин өкүлдөрү, мектеп директорлорунун мамлекеттик тил боюнча орун басарлары жана окуучулар катышты.
Иш-чаранын өзгөчө жана корутунду бөлүгү «Ыр кесе» эстафетасын Ленин районунун педагогдорунан Октябрь районунун педагогдоруна өткөрүп берүү болду. Бул демилге улуттук маданий салттарды сактоого жана улантууга, педагогдордун ортосундагы чыгармачыл байланышты бекемдөөгө жана улуттук баалуулуктарды жайылтууга багытталган.
Ушундай иш-чараларды өткөрүү жаш муунда улуттук мураска урмат-сый тарбиялоого, муундар аралык руханий мураскорлукту бекемдөөгө жана патриоттук баалуулуктарды калыптандырууга көмөктөшөт.


















