Мелдештин ачылышында мэр Айбек Жунушалиев эл аралык деңгээлдеги беттештердин борбордо өтүшү шаар үчүн сыймык экенин баса белгиледи.
Турнирге Азиянын алты өлкөсүнөн 51 шахматчы катышууда. Алардын арасында эки эл аралык мастер жана бир ФИДЕ мастери бар.
Катышуучулар
Мелдештин форматы
- Көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар
- Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар
- Таяныч-кыймыл аппараты жабыркаган спортчулар
Турнир эркектер, аялдар, өспүрүмдөр жана кыздар арасында өтүүдө. Уюштуруучу — Кыргыз шахмат союзу, мелдеш Азия шахмат федерациясынын (ACF) жана Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) колдоосунда.
Бишкек мэриясы майыптыгы бар жарандарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган долбоорлорду колдоого жана кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.



















