Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2026-жылга арналган «Игр будущего» эл аралык мультиспорттук турниринин ачылыш аземине катышты. Бул иш-чара 29-июлдан 9-августка чейин Казакстандын борбору Астана шаарында өтүүдө.
Мелдешке 34 өлкөдөн 800дөн ашуун спортчу катышууда. Ачылыш аземине Садыр Жапаров менен катар Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын президенттери да катышты.
«Игр будущего 2026» мелдештери бир нече спорт түрүн камтып, жаштардын спортто өсүүсүнө жана эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашуусуна шарт түзөт.











