Министрлер кабинети Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» өкмөт токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизет.

Башкы консулдарды дайындоо

Негизги өзгөртүүлөрдүн бири башкы консулдарды дайындоого тиешелүү. Жаңы редакцияга ылайык, тышкы иштер министри Кыргызстандын башкы консулдарын президент менен макулдашып дайындайт.

Ал эми чет өлкөлөрдөгү консулдук мекемелердин жетекчилерин жана ардактуу консулдарды министр өз алдынча, белгиленген тартипте дайындайт жана кызматтан бошотот.

Элчилерди дайындоо тартиби

Өзгөртүүлөр элчилерди дайындоо тартибин тактайт. Тышкы иштер министри президентке Кыргызстандын ыйгарым укуктуу жана толук ыйгарымдуу элчилеринин, туруктуу өкүлдөрүнүн талапкерлери боюнча сунуштарды киргизет жана аларды кызматтан бошотууну сунуштайт.

Тышкы иштер министри президентке Кыргызстандын ыйгарым укуктуу жана толук ыйгарымдуу элчилеринин, туруктуу өкүлдөрүнүн талапкерлери боюнча сунуштарды киргизет.
Жаңы редакциядан

Дипломатиялык рангдар жана наамдар

Мындан тышкары, тышкы иштер министри атташеден 1-класстагы кеңешчиге чейинки дипломатиялык рангдарды ыйгаруу жана алардан ажыратуу ыйгарым укугуна ээ болот. Жогорку дипломатиялык рангдарды, ардактуу наамдарды жана мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча сунуштарды ал президентке жөнөтөт.

Ошондой эле ТИМ мамлекет башчысына сунуш киргизе турган маселелердин тизмеси кеңейтилди. Атап айтканда, ведомство чет мамлекеттерди таануу боюнча сунуштарды берет.