«Кабар» агенттигине билдиргендей, транспорт жана коммуникациялар министри Талантбет Солтобаев жылдын аягына чейин жол тармагына 118 техника берилерин айтты. Анын айтымында, өлкөдө жол тармагын өнүктүрүү жана техникалык базаны бекемдөө иштери уланууда.
Министр белгилегендей, акыркы 4–5 жылда сатылып алынган жана сатып алуу пландалган техниканын жалпы саны 1,5 миң бирдикке жетет.
Жаңы атайын техника тапшырылды
Ошол эле күнү, 30-октябрда, автотранспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата иш-чаралар болуп өттү. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Т. Усубалиев аянтында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол тармагынын муктаждыгы үчүн сатылып алынган 50дөн ашык жаңы адистештирилген техниканын ачкычтарын тапшырды.
Министр Талантбек Солтобаев жаңы атайын техникалар, анын ичинде өзү түшүрүүчү жүк ташуучу унаалар, автогрейдерлер жана жүктөгүчтөр тууралуу айтып берди. Ал эми министрлер кабинетинин башчысы техника паркын жаңылоо өлкөнүн жол тармагынын материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө, автомобиль жолдорун курууга, оңдоо иштеринин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшөрүнө ишенимин билдирди.
Техниканы сатып алуунун динамикасы
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү тараткан статистикалык маалыматтарга ылайык, 2010–2020-жылдар аралыгында тармак үчүн 648 техника сатылып алынган болсо, акыркы беш жылда, 2022–2026-жылдары, 1 344 жаңы техника сатылып алынган.
Тармакты каржылоо 60 млрд сомго жетти
Ошол эле күнү Кыргыз улуттук филармониясында Адылбек Касымалиев жол тармагы кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Өз сөзүндө ал акыркы беш жылда мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрү «олуттуу түрдө кеңейгенин» жана акыркы жылдары тармакты каржылоонун көлөмү 60 млрд сомго жеткенин белгиледи.



































