2-ноябрда Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү айылында айдоочу Hyundai Sonata унаасы менен түз эле көлдүн жээгине чыгып кетти. Бул укук бузууну экологиялык байкоо мунараларындагы камералар каттады. Милициянын маалыматы боюнча, мындай автопрогулка айдоочуга 15 миң сомго түштү.
Милиция кызматкерлери эскертет: экологиялык байкоо мунаралары көлдүн жээгин жана акваториясын күнү-түнү көзөмөлдөп турат. Ошондуктан жээкке унаа менен чыгуу аракети дароо байкалып, айып пул салынат.

















