Таш-Арык айылында 23-октябрда жаңы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) пайдубалына капсула салынды. Бул медициналык мекеменин ишке берилиши жергиликтүү калкка баштапкы медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кыйла жакшыртууга багытталган.

Иш-чарага Талас районунун акими Байышбек Астанакулов, Жогорку Кеңештин депутаты, кайрымдуулук фондунун жетекчилиги, Кең-Кол айыл өкмөтүнүн башчысы Тилек Сакеев жана айыл тургундары катышты.

Жаңы саламаттык сактоо объектисин куруу иштери кайрымдуулук фондунун жана Кувейт Мамлекетинин кайрымдуулук коомунун каржылык жардамы менен ишке ашырылууда.

Кең-Кол айыл өкмөтүнүн башчысы Тилек Сакеев белгилегендей, жаңы ФАП пайдаланууга берилгенден кийин айыл элине баштапкы медициналык көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейет. Өзгөчө балдар, энелер, улгайган адамдар жана жалпы эле айылдыктар үчүн сапаттуу медициналык кызмат алуу кыйла жеңилдейт.