Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматы боюнча, долбоор республикалык бюджеттен каржыланат. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Борбордун негизги көрсөткүчтөрү

6 661жалпы аянты, чарчы метр
40бейтаптар үчүн палаталар
2корпус
3кабат

Архитектуралык долбоорго ылайык, медициналык борбор жалпы аянты 6 миң 661 чарчы метр болгон эки корпустан турат. Имаратта бейтаптар үчүн 40ка жакын палата, дарыгерлердин кабинеттери, төрөт бөлүмү, операциялык блок, биохимиялык лаборатория, реанимация бөлүмү, стерилизация бөлмөсү, конференц-зал жана ашкана каралган.

Курулуштун жүрүшү

Объекттин курулушу 2025-жылдын октябрь айында башталган. Курулуш аянтында бир катар иштер аткарылды: имараттын айланасына дренаж системасы орнотулуп, «А» жана «Б» блокторунун, ошондой эле өтмө галереясынын колонналары жана ригелдери куюлган.

Учурда сырткы дубалдардын бекемдөөчү конструкциялары орнотулуп, кирпич төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу маалыматта айтылат.

Курулуш иштерин «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы аткарууда.