Манас шаарындагы Т. Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыктын курамындагы Гулистан айылында жаңы фельдшер-акушердик пункттун курулушу ишке ашууда.
Бул ФАПтын жалпы сметалык баасы 11 миллион 186 миң 916 сомду түзөт. Анын ичинен 7 миллион 294 миң 154 сом Фонддун өнүгүү каражаттарынан бөлүнсө, 2 миллион 683 миң 623 сом жергиликтүү бюджеттен берилди.
Жаңы имарат алты бөлмөдөн турат. Анда ички санитардык түйүн, жылытуу, суу түтүктөрү, канализация жана электр менен камсыздоо сыяктуу зарыл инженердик байланыштар каралган.







