31-июлдан 2-августка чейин Иссык-Күлдө өткөн суу менен жүрүүчү Формула-1 боюнча дүйнө чемпионатында кызыктуу учурлар болду.

Анын ичинде бир спортчу кыз флайбордду колдоно турган демонстрация учурунда Кыргызстандын желегин көккө көтөрүп, көрүүчүлөрдү таң калтырды.

Бул мелдешке ар кайсы өлкөлөрдөн спортчулар катышты. Ошондой эле иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери почеттүү коноктор катары келишти.

Эскерте кетсек, 2-августта чемпионаттын негизги күнү саналган Гран-при өтүп, анын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр жана байге ээси аныкталат.