Каржы министрлиги 2026-жылга карата такталган республикалык бюджеттин долбооруна «Кыргыз спутник» ачык акционердик коомунун уставдык капиталына 0,1 млн сом каражат киргизди. Бул тууралуу ведомствонун түшүндүрмө катында айтылат.
Министрликтин маалыматы боюнча, бюджеттик каражаттар Айыл чарба министрлиги аркылуу бөлүнөт. Жаңы түзүлүүчү компаниянын уставдык капиталында мамлекет 100 пайыз үлүшкө ээ болот. Максаты — заманбап космостук технологияларды киргизүү менен аэрокосмостук сүрөттөрдү алуу.
Компанияны түзүүнүн максаты
Документтен
Жер ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана эсепке алуу, экологиялык мониторинг, климаттык өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө, маанилүү кен байлыктарды аныктоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн аэрокосмостук сүрөттөрдү алууда заманбап космостук технологияларды киргизүү
Айыл чарба министрлигинин жазындагы маалыматына ылайык, ведомство компаниянын негиздөөчүсү жана жалгыз акционери болот. Жаңы уюмдун максаты — аэрокосмостук маалыматтарды алуунун жана пайдалануунун улуттук системасын түзүү.
Министрликтин айтымында, бул жер пайдалануу, экологиялык мониторинг, климаттык өзгөрүүлөрдү талдоо, кен байлыктарды чалгындоо жана өзгөчө кырдаалдарды эскертүү чөйрөсүндө так жана тез чечим кабыл алууга өтүүгө мүмкүндүк берет. «Кыргыз спутник» инфраструктурасы Каракол шаарында өнүктүрүлөт.
Компанияны түзүү чечими
Министрлер кабинети «Кыргыз спутник» компаниясын түзүү боюнча 2026-жылдын 23-февралындагы №131 токтому менен чечим кабыл алган.














