Альбина Мукашова кесиби боюнча филолог, кыргыз тили жана адабияты мугалими. Ал күйөөсүнүн демилгеси менен жер иштетүүгө киришип, бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк эмгекти кичинекей бизнеске айландыруунун үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысына маек куруп берди.

Альбина 1977-жылы Тон районунун Дөң-Талаа айылында төрөлгөн. Бишкек гуманитардык университетинин түркология факультетин аяктаган. Азыр күйөөсү жана балдары менен Тон районунун Сары-Талаа айылындагы Тосор капчыгайында жашайт. Ал төрт баланын энеси.

Анын бакчылыкка келүү жолу күйөөсүнүн сунушунан башталган. Жолдошу да мугалим — мектепте информатика жана музыка сабактарынан берген. Бирок ошол учурда үй-бүлө башка тармакта да күч сынап көрүүнү чечкен.

Жер иштетүү жана бакчылык менен алектенүү сунушун күйөөм айткан. Анын демилгеси менен биз бул жакка келгенбиз. Башында оңой болгон жок. Таштуу жерди өздөштүрүп, бак тигип, көп кыйынчылыктардан өттүк. Быйыл бакчылык менен алектенгенибизге 25 жыл толду. Азыр ошол жылдардагы эмгектин жемишин көрө баштадык. Бул ишке киришибизде күйөөмдүн түрткүсү чоң роль ойноду.
Альбина Мукашова, бакчы

Бүгүнкү күндө алардын багында өрүк, алма, чие, карагат жана бүлдүркөн өсөт. Мындан тышкары, асыл тукум бүлдүркөндү кышында күнөсканада өстүрүп, жазында көчөт түрүндө сатыкка чыгарышат.