Кыргызстанда 31-июлдан 2-августка чейин Иссык-Көл жээгинде суунун үстүндөгү Формула-1 менен белгилүү болгон F1H2O дүйнөлүк чемпионатынын этапы өтөт. Бул Борбор Азияда мындай масштабдагы мелдештин биринчи жолу уюштурулушу болуп саналат.
Эл аралык катышуучулар жана коноктор
25-июлдан тарта Кыргызстандын Манас эл аралык аэропортуна F1H2O уюмунун президенти Николо ди Сан Жермано, UIM уюмунун президенти Раффаэле Кьюлли, ошондой эле Stromoy, Abu Dhabi, Sharjah жана башка дүйнөлүк командалардын өкүлдөрү келе башташты.
Ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдөн келген журналисттер, белгилүү спортчулар жана куткаруучулар да катышууга даярдыгын көргөзүшүүдө.
Жарышка катышуучулар боюнча



















