Иссык-Кулда «Формула-1» суунун жарыштары расмий түрдө старт алды. Бул ири мелдештин ачылыш салтанатында улуттук кийимченген кыргыз кызы флаг менен флайборддо бийлеп, өзүнчө шоу тартуулады.
Иш-чарага өлкөлөрдүн жетекчилери болгон Садыр Жапаров жана Айгүл Жапарова, ошондой эле Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзиёев жана Зироатхон Мирзиёва катышты. Алар мелдешти ачып, катышуучуларды куттукташты.
Кыргызстандын бай маданияты жана спорттук өнөрү бул уникалдуу спорттун түрү менен биригип, көрүүчүлөргө унутулгус таасир калтырды.

















