Кыргызстанга КытайКыргызстанӨзбекстан темир жолу курулган шартта өндүрүштү өнүктүрүү жана экспорт потенциалын күчөтүү абдан маанилүү болуп турат. Бул тууралуу доктор экономикалык илимдери, профессор Гурас Жапаров билдирди.

Ал Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда инвестициялык мүмкүнчүлүктөр чоң экенин белгилеп, кошуна өлкөнүн өндүрүш жаатындагы тажрыйбасын өздөштүрүү маанилүү экенин айтты.

«Өзбекстанда учак, айыл чарба техникасын өндөгөн заводдор бар. Мамлекет өндүрүштө мыкты жетишкендиктерге жетүүдө. Кыргызстан да ушул багытты өркүндөтүшү керек» – деп баса белгиледи профессор.

Жапаров соода көлөмүн үч миллиард долларга чейин жеткирүү үчүн айыл чарбасынан башка өндүрүш тармактарын да өнүктүрүү жана кооперацияны бекемдөө зарыл экенин белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстандагы билим берүү системасын техникалык адистиктерге багыттап, инженерлердин жана башка кесипкөйлөрдүн даярдыгын күчөтүү зарылчылыгын айтты.

Профессор Өзбекстандын IT секторундагы өнүгүүсүн да мисал катары келтирип, Кыргызстан ушул жаатта тажрыйба алмашып, кызматташтыкты арттыруу керектигин белгиледи.