OpenAI компаниясынын башкы директору Сэм Альтман 25-июль күнү Relentless подкастында жасалма интеллект (ИИ) тармагында адамзат азыр «сингулярдуулукта» турганын айтты.
Ал бул учурду өмүр бою күтүп келгенин белгилеп, бул окуянын дүйнө үчүн өтө позитивдүү жана таң калыштуу болоорун болжоду.
Альтмандын айтымында, эки ИИ модели OpenAI тарабынан ички тестирлөөлөрдөн ийгиликтүү өткөн. Бул да сингулярдуулукка жакындап келгенибиздин белгиси катары каралууда.
«Сингулярдуулук» термини — ИИнин адам акылынын жөндөмдөрүн ашып кетет деген кырдаалды түшүндүрөт. Бул өзгөчө өзгөрүүлөрдү жана технологиялык өнүгүүнүн ылдам өсүшүн алып келет.
Азыркы этапта ИИнин мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, дүйнөдөгү көп тармактарга таасирин тийгизип, адамзаттын жашоосун өзгөртөт деп күтүлүүдө.













