Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн Эрлист Акунбеков мындай аймактык аянтча биргелешкен ачык диалог, өнөктөштүктү бекемдөө жана өнөр жай жана инвестициялык демилгелерди алга жылдыруу үчүн бекем пайдубал боло аларын баса белгиледи.
Инвестициялык долбоорлорду сапаттуу даярдоо өзгөчө маанилүү. Бүгүнкү күндөгү заманбап инвесторлор так экономикалык моделди, тобокелдиктерди баалоону, бекем технологиялык компонентти жана ачык-айкын ишке ашыруу механизмин издешет. Ушул себептен улам, биз келечектүү долбоорлорду даярдоо, аларды инвестициялык даярдык этабына жеткирүү үчүн БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму жана башка эл аралык өнүктүрүү өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдарбыз.
Министр ошондой эле Кыргызстандын өнөр жай тармагын өнүктүрүүдө эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, өзгөчө айыл чарба жана азык-түлүк өндүрүшү, санариптик компетенцияларды өнүктүрүү, чакан гидроэнергетика жана фармацевтика өнөр жайы сыяктуу багыттарга көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Форумдун алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, эл аралык каржы институттары жана ишкер чөйрө инвестициялардын келечегин, аймактагы өнөр жай трансформациясынын учурдагы абалын жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Иш-чаранын негизги максаты – инвестициялык долбоорлорду даярдоонун сапатын жогорулатуу жана аймактык өнөр жайды өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү.




















