Жолугушуу Стамбул шаарында өтүп жаткан ИКУнун Экономикалык жана соода кызматташтыгы боюнча туруктуу комитетинин (КОМСЕК) министрлер деңгээлиндеги 42-жыйынынын алкагында уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул уулу Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмазга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жана экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун саламын жеткирди.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча маселелерди талкуулашты. Жолугушуу эки тараптуу мамилелердин негизги багыттары боюнча конструктивдүү диалогдун уландысы катары бааланды.



















