Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Россия Федерациясына болгон жумуш сапарынын алкагында Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Дмитрий Патрушев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө негизинен эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү, инвестиция, кайра иштетүү жана айыл чарба тармактарындагы кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын мамилелери ырааттуу өнүгүп жатканын белгилешти. Бул өнүгүү негизинен президенттер Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий ишенимдердин, ошондой эле буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасы экени айтылды.

Эрлист Акунбеков Россия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү жана эң ири инвесторлорунун бири экенине токтолду. Ал эми мындан ары өнөр жай тармагында тереңирээк кызматташууга, биргелешкен ишканаларды түзүүгө жана кайра иштетүүнүн заманбап технологияларын киргизүүгө өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Соода жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрү

4 млрддолларга жакын соода жүгүртүү (2025-жылдын аягына карата)
652,3 млндоллар айыл чарба жана кайра иштетилген продукциялардын соода жүгүртүүсү

Эки тараптуу экономикалык кызматташтыкта Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жана Кыргыз-орус экономикалык форумдарынын ролу чоң экени баса белгиленди.