Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги астында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өткөрүлгөн. Министрлер Кабинетинин Төрагасы отурумду ачып жатып, Президент Садыр Жапаровдун алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттери коюлганын жана аны аныкталган артыкчылыктуу багыттарды Министрлер Кабинети кынтыксыз аткарууга тийиш экенин билдирди.

Адылбек Касымалиев бул жолку жыйындын Президент белгилеген артыкчылыктуу милдеттердин уланышы экенин кошумчалаган. Отурумдун күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору каралган.

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ыйгарым укуктуу органдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук ак
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун баяндамасы.
Ранее по темеКыргызстанда ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Бул ишкананын түзүлүшү боюнча маалыматтарды берген Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүүнү камсыз кылуу маанилүүлүгүн баса белгиледи.