Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев мектептерге жана бала бакчаларга жеткирилген көмүрдүн сапатын текшерүү үчүн райондук же облустук комиссияларды түзүүнү сунуштады. Бул комиссиялар ошондой эле социалдык объектилердин кышка даярдыгын баалоого тийиш.
Бүгүнкү күндө ар кандай подряддык уюмдар аркылуу сатылып алынган көмүрдүн сапаты кандай? Айрым мектеп жетекчилеринен даттануулар келип түшүүдө. Азыр октябрь, эртең эле кыш келет. Райондук же облустук комиссияны алдын ала түзүп, мектептердеги көмүрдүн сапатын текшерсек жакшы болмок.
Депутаттын айтымында, айрым мектептерге жеткирилген көмүр сапатсыз болуп, андан улам жыл сайын мектептерди жана класстарды жылытууда көйгөйлөр келип чыгат.
Ал ошондой эле айрым мектеп жетекчилеринен арыз-даттануулар түшүп жатканын белгиледи. Козуевдин эсебинде, комиссияларды эртерээк түзүү кыш мезгилиндеги көйгөйлөрдүн алдын алууга мүмкүндүк берет.


















