Жыйын учурунда депутат Дастан Бекешев мектеп китепканачыларынын айлык акысын жогорулатуу маселесин көтөрдү. Ошондой эле ал Бишкек менен Токмок, Кант жана Сокулук багыттарындагы шаарлар аралык автобустардын жетишсиздигине көңүл бурду. Анын айтымында, бул калктуу конуштардын тургундары транспорт тартыштыгынан кыйналып жатышат.
Депутат Улукбек Карыбек уулу Ак-Жар жаңы конушуна коомдук транспорт каттамы киргизилгени үчүн тургундардын ыраазычылыгын жеткирди. Ошол эле учурда ал конуштун жолдоруна шагыл төгүү жана Бишкектеги автобус аялдамаларынын абалын жакшыртуу зарылдыгын баса белгиледи.
Айыл чарбасындагы көйгөйлөр да көңүл борборунда болду. Депутат Алишер Козуев Кара-Суу районундагы пахта өндүрүүчүлөрдүн абалын көтөрүп, пахтанын сатып алуу баасы анын өздүк наркынан төмөн түшүп кеткенин белгиледи. Депутат Айгүл Ахмедова болсо пахтаны экспорттоодогу кыйынчылыктарды айтып, өлкө ичинде аны кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жер маселесине байланыштуу депутат Алтынбек Кылычбаев Манас шаарында курулуп жаткан аба майданга бөлүнгөн жерлер тууралуу сөз кылды. Ал пайдаланылбай калган 360 гектар жерди мурдагы ээлерине кайтаруу зарылдыгын билдирди. Ошондой эле депутат Эдита Тайгараева Бишкектеги Ак-Ордо 3 конушунун 498-контурундагы турак жайларды мыйзамдаштыруу иштери кечеңдеп жатканын айтып, тиешелүү мекемелерди маселени чечүүгө чакырды.
Социалдык маселелерге токтолуп, депутат Чынгыз Ажибаев Лейлек районунун айрым айылдарынын тургундары «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун ала албай жатканын билдирди. Ал калктуу конуштардын аталыштары жана алардын административдик-аймактык таандыктыгы менен байланышкан жагдайларды тактоого чакырды. Данияр Толонов Өзгөн районунда бала бакчаларды куруу, мектептерди жана стадиондорду оңдоо зарылдыгын белгиледи.
Депутат Таалайбек Сарыбашов өзгөчө муктаждыктары бар балдарга жардам көрсөтүү маселесин көтөрдү. Жыйындын жүрүшүндө айтылган сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберилет.
























