Окуя 27-октябрда университеттин спорт аянтчасына жакын жерде болгон. Шектүүлөр биринчи курста окуган эки студентти сабашкан. Окуянын видеосу 28-октябрда социалдык тармактарга тараган.

Милиция кызматкерлери окуянын жагдайларын тактап, 2010-жылы туулган Н.Э., А.Д. жана 2011-жылы туулган А.А. аттуу студенттерди кармашкан. Алар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп, жабырлануучулардын алган жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Милиция бул окуядан жабыркагандар болсо, Ак-Буура милиция бөлүмүнө кайрылууну өтүндү.